Депутат Бактыяр Калпаев Санкт-Петербургда КМШ ПААнын жыйындарына катышууда

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын туруктуу комиссияларынын жыйындарына катышты.

Парламенттен билдиргендей, депутат алгач Коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынына катышты.

Анда тармакка тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер талкууланып, коопсуздук чөйрөсүнө керектүү сунуш-пикирлер каралды. Анын ичинен Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата “Музей полку” аталышындагы акцияны өткөрүү демилгеси комиссия мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилди.

Андан соң Коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиянын отуруму өтүп, анда эл өкүлү Бактыяр Калпаев кесиптештери менен бирге коопсуздук маселелерине байланышкан мыйзамдык базаны чыңдоо тууралуу ой бөлүштү. Тагыраагы, зарыл болгон моделдик мыйзамдардын долбоорлору талкууланды.

Эскерте кетсек, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүмүндө 10 туруктуу комиссия иштейт. Алардын ичинен Бактыяр Калпаев Коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан