Бишкектеги №72 мектепте токмоктон каза болгону айтылган Аннас Айтбаевдин иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-апрелдеги жыйынында билдирди.
Ал башында кылмыш иши "Опузалап талап кылуу" беренеси менен ачылганын, кийин "Денеге оор залал келтирүү менен өлүмгө алып келүү" беренесине алмаштырылганын айтты. Ошондой эле Урмамбетов иш жакында сотко өтөрүн, ал эми шектүү бала камакта экенин белгиледи.
Эске салсак, 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумган. Маркум өспүрүмдүн ата-энеси милицияга 10-февралда кайрылган. Алар уулу 21-январда мектептин дааратканасында сабалгандан кийин эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана эки аптадан кийин эсине келбей каза болгондугун билдиришкен. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.
15-февралда шаардык милиция 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип, 9-класстын окуучусу кармалганын кабарлаган. Өспүрүмдүн ур-токмоктон каза болушу Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутат Надира Нарматова айтып чыккандан кийин белгилүү болгон. Ошол эле күнү шаардык милиция факты боюнча 10-февралда эле кылмыш иши козголгонун билдирген.