Милиция Ошто мектеп алдында окуучуларга белгисиз нерсе тараткан унаа боюнча билдирди

Оштогу Барпы атындагы орто мектебинин жанында пакети менен белгисиз нереселерди тараткан айдоочу боюнча милиция билдирүү таратты.

ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, унаанын айдоочусу баласынын кыркын чыгарып, салт боюнча балдарга таттууларды тараткан. Ал эми уулангандар боюнча маалымат тастыкталган эмес. Милиция ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөй, расмий булактардан гана маалымат алууга чакырды.

Ага улай унаанын айдоочусу аныкталып, ага карата түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөндүгү кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин жогоруда айтылган окуя боюнча видео социалдык баракчаларга тарап, Вотсап тиркемеси аркылуу жиберилип жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан