"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы атайын техника айдоочуларын жана сезондук жумушчуларды ишке чакырат. Мындай жарыяны калаа мэриясы бүгүн, 17-апрелде таратты.
Маалымдалгандай, мекеме 18 жаштан 50 жашка чейинки эмгекчил адамдарды кабыл алууга даяр. Иш графиги 8:00дөн 17:00гө чейин.
Кенен маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге: +996 555 448 884, 0312 37 53 32 же Ташкент көчөсү, 17 дарегине кайрылса болот.