"Туура эмес сөз чыгып калыптыр". Депутат Кокуловдун айтканы төгүндөлүп, өзү да кечирим сурады (видео)

Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев парламенттин бүгүнкү, 17-апрелдеги жыйынында депутат Эрулан Кокуловдун спикер Нурланбек Тургунбек уулуна байланыштуу айтканын төгүндөдү.

Ал эл өкүлүнүн Тургунбек уулунун катышуусунда Аксы районунда ФАПтын ачылгандыгы тууралуу айтканы чындыкка дал келбей турганын белгилеп, парламент төрагасы анын ачылышына катышпаганын билдирди.

"Мындай негизсиз билдирүүлөр депутаттарды да, коомчулукту да адаштырып, жалган маалымат тараткан эл өкүлүнүн аброюна да доо кетирери анык. Буга байланыштуу депутат Эрулан Кокуловду, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн элге маалымат таратуунун алдында текшерилген, так булактарга таянууга чакырам", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Ал арада парламенттин бүгүнкү отурумунда Кокулов өзү да туура эмес айтып алганын моюндады.

"Ал видеодо андай деле эч нерсе жок болчу, эмнеге ызы-чуу салып жатасыңар? Спикер ал видеодо "ФАП ачылды" деп жөн эле айтты. Ооба, туура эмес сөз чыгып калыптыр, ачылышына барды деп алыпмын. Мен ошол сөзүм үчүн кечирим сурайм", - деди ал.

Айта кетсек, жыйындын башында Эрулан Кокулов курулуп жаткан объектилердин сапатына нааразы болуп, билдирүү жасаган. Анда ал курулушу начар жүрүп жаткан мектептер боюнча тартып келген видеолорду көрсөтүп, арасында жакында эле спикер Нурланбек Тургунбек уулунун катышуусунда ачылган ФАПтын имараты демонтаждалып жатат деген маалымат айткан болчу.

Жогорку Кеңеш 17.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан