Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков Кыргызстанда пренаталдык скрининг милдеттүү түрдө киргизилиши керек деп айтып чыкты. Сунуш талкуу жаратты, депутатты колдогондор да, жемелегендер да болууда. Мамлекет жыл сайын майыптык боюнча жөлөк пулдарга 8 миллиард 75 миллион сом, майыптыгы бар жарандарды карап-баккандарга 1 миллиард 486 миллион сом, дары-дармекке 5 миллиард сом жумшап жатканын айтат депутат. Макалада резонанс жараткан пренаталдык скрининг деген эмне, анын таасири, күнгөй-тескейи тууралуу сөз кылалы.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 18-апрелде чыккан жаңы – №1166 санынан окуй аласыз.