Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ленин РИИБи бүгүн, 18-апрелде билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде милицияга жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 12:30 чамасында белгисиз адам "Ош базарынын" аймагында анын 1200 долларлык iPhone 13 үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 45 жаштагы К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.