Түштүк Каролинада мектеп автобусу оодарылып кетти 

АКШнын Түштүк Каролина штатында мектеп автобусу оодарылып кетип, 18 жаран жаракат алды. Бул тууралуу Fox News басылмасы жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, окуя бейшемби күнү түштөн кийин Түштүк Каролина штатынын Честер округундагы Ричберг шаарынын жанында болгон. Автобуста 35 окуучу жана үч чоң киши болгону айтылды.

"Pine Ridge орто мектебинин окуучулары үч автобуста экскурсиядан кайтып келе жатышкан. Транспорт каражаттарынын биринин дөңгөлөгү жарылып кетип, андан кийин автобус оодарылган. Он сегиз адам жаракат алып, айрымдары ооруканага жеткирилди. Бир адам каза болду”, – деп жазылат маалыматта.

Басылмада жазылгандай, калган эки мектеп автобусу кырсыкка кабылган эмес. Бийлик окуяны иликтөөнү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан