Бишекекте адам уурдаган делип кармалган 6 кишинин 4ү камакка алынды 

Бишкекте адам уурдаган деген шек менен 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 9-апрелде түнкү саат 21:00 чамасында ГЭС-5 жаңы конушунун оор жүк ташыган унаалар токтоочу жайында 32 жаштагы жаранды эркине каршы кармап, акча талап кылышкан. Милицияга жабырлануучунун иниси кайрылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 48, 46, 31, 22 жана 27 жаштагы 2 жаран кармалган. Алардын арасынан кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар делип 48, 46, 31 жана 27 жаштагы жарандар камакка алынган. Ал эми 22 жана 27 жаштагы жарандын бири боюнча тергөө иштери улантылууда.

Райондук милиция бул иш боюнча кошумча дагы маалымат берилерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан