Балык өнөр жай комплекси департаменти Ысык-Көл форелинин чабактарын Талас районундагы Чоң-Чычкан жана Түз-Ашуу сууларына коё берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, чабактардын салмагы 0,5 граммга жетип, Ысык‑Көл облусунун Тоң районундагы регионалдык климатташтыруу жана балык өндүрүү‑өстүрүү бөлүмүнүн инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.
Ошондой эле Ысык‑Көл көлүн балыктандыруу иш-планында көздөлгөндөй, жасалма жол менен өстүрүлгөн карп‑сазан уруктары камтылган 134 даана балык Чүй облусунан Талас облусуна өткөрүлүп берилди.
Бул долбоорлор "Альянс Алтын" ЖЧКсынын каржылык колдоосу менен ишке ашты.