Ош шаарында тамак-аш коопсуздугу боюнча рейд жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде калаа мэриясы маалымдады.
Ага ылайык, бул жугуштуу оорулардын, тамактан уулануулардын алдын алууда тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлүп жатат.
Анын алкагында шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-ветеринардык, санитардык-техникалык, коопсуздук эрежелердин сакталуусу текшерилүүдө.