Бишкектеги "Ош базарынын" айланасындагы мыйзамсыз соода түйүндөрдү тазалоо иштеринин төртүнчү этабы жүргүзүлүүдө. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жеринде протоколдор түзүлүп, жол боюна чыгып алган соодагерлерди кетирүү аракети көрүлгөн. Тасмадан укук коргоо кызматкерлерине баш ийбей, алар менен уруш-талашка баргандарды да көрүүгө болот.