Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол Санкт-Петербургдун "Зенит" футболдук клубунун оюнчулары менен жолугушту.
Мушкер кийим чечүүчү жайда алар менен амандашып, ар бири менен сүрөткө түшүүгө жетишти.
Оюнчулар менен учурашып жатып аталган клубдун оюнчусу, Бишкекте төрөлгөн Ильзат Ахметов Биволго жердешим деп кайрылды. Экөө таанышып, сүрөткө түшүп, мындан ары Бивол алардын оюндарына байма-бай келип турарын билдирди.
Айта кетсек, 28 жаштагы футболчу Ильзат Ахметов Бишкек шаарында төрөлгөн. 2018-жылы ал Орусия курама командасында дебют жасаган. Учурда Орусиянын "Зенит" футболдук клубунун жарым коргоочусу.