Жалал-Абад облусунун Базар‑Коргон районундагы мал чарба фермасында жергиликтүү тургундун мыйзамсыз аракети аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, тургун мал чарба фермасындагы жер аянтын өз билемдик менен ээлеп, турак жай куруу максатында пайдубал куруп алган. Курулуш мыйзамсыз деп табылып, пайдубал буздурулду. Учурда жер аянты баштапкы калыбына келтирилди.
"Жыл башынан бери республика боюнча Ички иштер башкармалыгына 8 кат жөнөтүлүп, 23 жаранга чара көрүү максатында нота берилди. Архитектура‑курулуш контролдоо башкармалыгында 3 факты боюнча жаза иштери жүргүзүлдү. Жалпы 9 жер аянты баштапкы абалына кайтарылды", - деп жазылат маалыматта.