Венгрия ушул жылдын 1-январынан тартып бардык чет өлкөлүктөргө жумушка орноштуруу максатында улуттук узак мөөнөткө виза берүү эрежелерин өзгөрттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Такталгандай, эми мындай визалар Венгрия же Европа Биримдиги менен реадмиссия жөнүндө келишими жок өлкөлөрдүн жарандарына берилбейт.
"Бул чаралар Венгрия тарабынан миграциялык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана миграциялык мыйзамдарды бузган учурда чет өлкөлүк жарандардын кайтып келиши үчүн укуктук негиздерди камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Бул контекстте министрлик Кыргызстандын компетенттүү органдары азыркы учурда Европа Союзунун өлкөлөрү, анын ичинде Венгрия менен реадмиссия жөнүндө келишимдерди түзүү маселесинин үстүндө иштеп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.
Министрлик билдиргендей, мындай келишимдер өлкөлөр ортосундагы миграциялык процесстерди тартипке келтирүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле чет өлкөлөрдө узак мөөнөткө расмий ишке орношууну каалаган Кыргыз жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.