Бишкек шаарынын мэриясы "Ош базарынын" аймагындагы кезектеги рейддин видеосун жарыялады.
Маалымдагандай, Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жарандарды тартипке чакыруу иштерин жүргүзгөн. Видео Киев менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан тартылган. Видеодон аталган ишкананын кызматкерлерине баш ийбей, алардын айласын кетирген кишилерди көрүүгө болот.