Японияда кыргыз студенттеринин алгачкы ассоциациясы ачылды

Япониянын Токио шаарында кыргызстандык студенттердин алгачкы ассоциациясы ачылды. Ага Кыргыздын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоевдин катышты.

Ассоциация элчиликтин, “JASSO” уюмунун, Цукуба университетинин жана элчиликтин өнөктөштөрүнүн колдоосу менен Япониядагы Кыргызстандын студенттер жамааты тарабынан уюштурулган.

Ассоциациянын максаты – Япониянын окуу жайларында окуп жаткан кыргызстандык студенттерди колдоо жана интеграциялоо, ошондой эле маданий жана академиялык тажрыйба алмашууга жана Японияда ыңгайлуу жашоого өбөлгө түзүү болуп саналат.

Иш-чаранын конокторуна Кыргызстан тууралуу презентация, улуттук аспаптарда ойноо, кыргыз ырларын жана “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү аткаруу менен маданий программа тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан