Балага сүйүнчү төлөмдөрү кечиктирилип жатат. Эмгек министрлиги түшүндүрмө берди

Эмгек министрлиги балага сүйүнчү төлөмдөрү кечиктирилип жатканын билдирди.
Ага ылайык, 14-мартта министрликтин маалымат тутумунда техникалык мүчүлүштүктөр жаралган.
"Анын кесепетинен 13-мартка карата балага-сүйүнчү төлөмдөрү боюнча маалыматтар кечиктирилип, кол менен иштелип чыгууда.
Учурда мекеменин адистери маалыматтарды калыбына келтирүү боюнча активдүү иш алып барууда. Ал жумуштар 24-апрелде аяктай турганы болжолдонууда", - дешти мекеден.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Белгилей кетсек, бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдүн өлчөмү 4 миң сомду түзөт. Ал ар бир балага төлөнөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда "балага сүйүнчүнүн" өлчөмү 50 миң сомду түзүп, ар бир балага берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан