Эртең, 19-апрелде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Өлкөнүн бийик тоолуу региондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматы маалымдады.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +15.. +17 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы аймактарда:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +12 ... +17;
Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +11... +16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +10... +15;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +9 ... +13;
Нарын дубанында түнкүсүн +1 ... +6; күндүз +6... +11;