Баткенде өзүнө кол салып, анан жалган маалымат берген делип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кечээ, 17-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында эки адам 25 жаштагы жигитти бычактап, анын 25 миң долларын тартып алышканы жана жабырлануучу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Факты боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүүдө жабырлануучунун калпы чыгып калган. Ал бир адамга болгон 865 миң сом карызын төлөй албай калып, план иштеп чыккан.
Тагыраагы, 25 жаштагы жигит кара желим баштыкка ичинде акча бардай түр көрсөтүү үчүн бир куту вафлини салып, анан Кызыл-Кыя шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын бирине барган, бирок ал жактан сомдун долларга болгон курсун гана сураган дагы, эч кандай түр бербестен чыгып алып унаа жол менен бир нече жүз метр жөө баскан, андан соң өзүн бычак менен жарадар кылып, милиция чалып, бейтааныш адамдар 25 миң долларын тартып алышканын айткан.
Облустук милиция учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын, анын аракетине укуктук баа берилерин кошумчалады.