Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү акимдер жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыйында министрликтин 5 артыкчылыктуу багыты жана мамлекет тарабынан дыйкандарга сунушталган жеңилдетилген насыя булактары боюнча кеңири презентация болду.
Талкууланган негизги долбоорлор:
"Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору 2025-жылдан тартып ишке кирди. Анын максаты – жеңилдетилген насыялар аркылуу кичи товардык өндүрүштү ирилештирүүгө көмөктөшүү жана дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
Негизги шарттар:
Долбоор республикалык бюджеттен жана "Айыл Банк", "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору тарабынан каржыланат.
"Сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Таласта бир нече кайра иштетүүчү ишканаларды, суу объектилерин ачып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү", - деп жазылат билдирүүдө