
Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 18-апрелде муниципалдык кызматтардагы бош жумуш орундарынын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына 500дөн ашык айдоочу талап кылынат. Орточо айлык акы
50 000 – 55 000 сомго чейин.
«Тазалык» муниципалдык ишканасына коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар, жалпы 241 кызматкер талап кылынат. Айлык акы
15 000 – 35 000 сом. Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылса болот: Телефон:
0 (555) 977 981.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына инженерлер, жол жумушчулары, машинисттер жана айдоочулар талап кылынат.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына электрмонтёрлор жана эксковатор айдоочусу талап кылынат. Айлык акы 33 000 сомдон жогору болору айтылды. Маалымат алуу үчүн:
0 (312) 65 08 15,
+996 (700) 004 049.