Италиянын түштүгүндөгү асма көпүрөнүн бир кабинасы жерге кулап, төрт киши каза тапты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, кабинада жалпысынан 5 жүргүнчү болгон. Алардын төртөө жеринде каза тапса, бирөө ооруканага жеткирилген.
Ал эми алар менен жанаша бара жаткан кабиналардагы жүргүнчүлөр жип менен жерге түшүрүлүп, куткарылгандыгы маалыматта кошумчаланган.