Бишкекте унаа жолдо мушташкан эки айдоочунун бири 32, бири 24 жашта экени аныкталды. Маалыматты бүгүн, 18-апрелде Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыктады.
Райондук милиция 16-апрелде социалдык тармактарда Honda Fit жана Hyundai Avante унааларынын айдоочулары мушташып жаткан видео тараары менен факты катоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын белгиледи.
Тиешелүү иштердин натыйжасында алар милиция пунктуна жеткирилип, айдоочуларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлгөн.