Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Орусияга иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы «Мекен – эне» монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.
Төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйыны өтөт.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.