Бүгүн, 18-апрелде АКШнын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өтүп жаткан "2025 USA Boxing International Open" эл аралык турниринде Анвар Хожиев финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Бокс федерациясы билдирди.
Маалымдалгандай, ал турнирге 48 килограмм салмак чен бирдигинде катышып, австралиялык спорчуну жеңип алган.
Ошондой эле аталган турнирге катышкан Мунарбек Сейитбек уулу менен Алмаз Орозбеков жарым финалга чыгышты.
Мунарбек Сейитбек уулу 60 килограмм салмак чен бирдигинде эки америкалык атаандашын утса, Алмаз Орозбеков 67 килограмм салмакта америкалык жана канадалык атаандаштарын жеңди.