Бишкекте жаранды таяк менен башка чаап, акчасын тартып алууга шектелген адам кармалды (видео)

Бишкекте киши карактоого шектелген 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде милицияга акча алмаштыруу жайында иштеген жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 21:35 чамасында белгисиз адам Совмин шаарчасынан аны башка таяк менен чаап, 50 миң долларын тартып алганын айткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Райондук милиция ал тартып алган акча каражатын өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин белгиледи. Учурда тергөө иштери уланууда.

18.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан