
20-апрелде тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында үзгүлтүккө учураган Ак-Терек–Папан–Кожокелен унаа жолу эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Айта кетсек, кечээ Ак-Терек–Папан–Кожокелен автожолунун 11-чакырымында тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен жолдун болжол менен 70 метр аралыгы чөгүп кеткени
кабарланган.
Маалыматка ылайык, жолду калыбына келтирүүгө жол тейлөө ишканасынан 2 экскаватор, 2 самосвал, Папан айыл аймагынан жүктөгүч, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси тартылган.