АКШда миңдеген демонстранттар президент Дональд Трампка жана анын саясатына нааразылык билдирип көчөгө чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде АКШнын борборунда миңдеген киши жүрүшкө чыккан. Уюштуруучу топтун айтымында, Флорида штатындагы Жексонвиллден Лос-Анжелеске чейин 700дөн ашык нааразылык акциялары пландалган. Ушундай эле акция Нью-Йоркто дагы өткөн.
Митингдин катышуучулары президенттин аракеттерине нааразылыктарын билдиришип, аны жарандык эркиндиктерди бузган, мыйзам үстөмдүгүнө шек келтирген, иммиграция саясатында аша чаап кеткен, жумуштан жапырт кыскартуулар, талаштуу экономикалык чечимдер жана башка бир катар маселелер боюнча айыпташкан.
Ак үйдүн алдында митингчилер кайра-кайра "Уят!" деп кыйкырышкан.
Эске сала кетсек, 5-апрелде өлкө боюнча миңдеген адамдар Трамп менен миллиардер Илон Маскка каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Басылмалар нааразылык акциялары Парижде, Римде жана Лондондо да болгонун жазышкан. Демонстрациялар Мексика менен Канадада дагы пландаштырылган.