Жерде үч күнгө созулган магниттик бороон боло турганы айтылды 

Жерде үч күнгө созулган магниттик бороон болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, магниттик бороондун деңгээли G1 өлчөмүнө жетип, 21-апрелден 23-апрелге чейин боло турганы күтүлүүдө.

Ошондой эле синоптиктер бороондун узакка созулушу же катуу болушу күтүлбөй турганын эскертишкен.

Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон биринчи кезекте өнөкөт жүрөк ооруларынан жапа чеккен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бул күндөрү алсыздык, эс-учун жоготуу, кан басымынын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Дарыгерлер бул күндөрү толук 7-8 саат уктоону сунушташат.

Белгилей кетсек, Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 "өтө күчтүү" магниттик бороон деп бааланса, G1 "алсыз" магниттик бороон деп эсептелинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан