Айыл чарба министрлиги асыл тукум малдын уругун сатып алууну көздөөдө

Айыл чарба министрлиги асыл тукум малдын 270 миң доза уругун сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө өлкөдөгү ири мүйүздүү мал чарбачылыгында колдонулуучу уруктук материалдарга болгон муктаждыктын 3,6 пайызы гана жергиликтүү өндүрүш менен камсыздалууда. Калган муктаждык негизинен чет өлкөлөрдөн алынып келинген асыл тукум букалардын уруктары менен жабылат. Бул материалдар жалпы муктаждыктын 10 пайызга жакынын гана камсыздайт.

"Импортко көз карандылыкты азайтуу жана ички мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында республикалык бюджеттен 60,8 миллион сом каражат бөлүндү. Бул суммага 270 миң доза уруктук материал сатып алынат. Алар региондордо иш алып барган техник-уруктандыруучуларга акысыз негизде таратылат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан