Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү суудан кечээ, 20-апрелде ӨКМ куткаруучулары тарабынан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, 15-апрелде Чүйдүн Аламүдүн районундагы Васильевка айылында Чу дарыясына 35 жаштагы эркек киши түшүп кеткени белгилүү болгон. Андан бери издөө иштери жүргүзүлүп келген.