"Ооруканада кармап жатышат". Бийиктиктен кулаган орус актёру Боярскийдин абалы айтылды

Дарыгерлер театрда чалынып, бийиктиктен кулап кеткен орусиялык актёр Михаил Боярскийге бир ай сахнага чыкпоону сунушташты. Бул тууралуу ТАСС агенттигине актёрдун жубайы Лариса Луппян билдирди.

"Дарыгерлер ага бир ай сахнага чыгууга уруксат бербей турганын айтышты. Бирок биз, артисттер, дарыгерлердин айтканын укпайбыз дагы, өзүбүздүн билгенибизди жасайбыз. Ошондуктан алдыда баары ал өзүн кандай сезгенине жараша болот", - деген актёрдун жубайы.

14-апрелде болгон 75 жаштагы Боярский спектакль ойноп жатып чалынып кетип, 3 метрдей бийиктиктен бели менен жерге кулап түшкөн. Ал дароо ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан