Кытай өзөктүк эмес суутек бомбасын сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазып чыкты.
Сыноодон өткөн эки килограммдык бомба жарылган учурда температурасы миң градустан ашкан оттуу шарды жараткан. Басылма суутек бомбасында магний гидридинин химиялык кошулмасы колдонуларын белгилейт.
South China Morning Post Пекиндин бомбаны колдонууга ниети бар-жогу азырынча белгисиз экенин жазат.