Токтогул шаарында Кыргыз Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин айкели ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, иш-чара кечээ, 20-апрелде болуп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Кундузбек Сулайманов, Мирлан Самыйкожо, Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, шаар мэри Болот Максутбаев, өнөр адамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Иманалиевдин өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу эскерилип, акындын өзү өлсө да, анын чыгармалары кылымдар бою жашай берери айтылды.
Бул саамалыкта "Айтыш" коомдук фондунун төкмө акындары, Элмирбек Иманалиевдин шакирттери тарабынан акындык өнөр тартууланды.
Эске салсак, жумурай журтка таанымал ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. Иманалиевге 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ал эми 2016-жылы Кыргыз Эл артисти наамы тапшырылган. Ал эми 2024-жылы
"Эмгек баатыры" наамы ыйгарылды.
Акындын бир тууган эжеси Нурайым Иманалиеванын инисин эскерген маегин бул видеодон көрүңүз.
Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, маектерин, ырларын бул шилтемеден окуңуз.
Ак таңдай акындын сүрөттөр топтомун Фотоальбом рубрикасынан көрө аласыз.