Таласта автоээнбаштык жасап качкандар кармалды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, Mercedes жана BMW унаалары Манас Ордого кетүүчү жолдо автоээнбаштык жасап, жол тескөөчүлөргө баш ийбей качышкан. Бирок ыкчам иштердин аркасында аталган унаалар кармалып, айып короого киргизилген. Ал эми айдоочуларга айып пул салынды.