
22-24-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертет жана зарыл болбосо жолго чыкпай турууну сунуштайт.