Бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки балдарына 2026-жылдан тартып жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мираида Нактаева билдирди.
Анын айтымында, жаңы киргизилип жаткан жөлөк пул 3 же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө кирешесине карабастан берилет. Ал төлөмдөр бала 3 жашка чыкканга чейин берилип, андан кийин токтотуларын белгиледи.
"3 000 миң сомдон деп эсептегенбиз. Азыр механизмдери иштелип жатат. Финансы министрлиги менен чогуу макулдашып, анан көлөмүн бекитебиз", - деди ал.