Оштогу "Весна" кинотеатры мамлекетке алынды

Ош шаарындагы "Весна" кинотеатры мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ош шаарындагы "Весна" кинотеатры 0,19 гектар жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз түрдө жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, наркы 102 миллион сомду түзгөн "Весна" кинотеатры тиешелүү жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан