Оор кылмышка шектелип издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 4-июлда шектүү менен жабырлануучу Ленинское айылындагы бассейндердин биринде чырдаша кеткен. Мындан улам ал тигини травматикалык тапанча менен эки жолу бетке аткан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ал эми 39 жаштагы жаран өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу издөөгө алынган. Быйыл 17-апрелде ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.