Ысык-Көлдө "Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары" аттуу мектеп окуучулары менен студенттердин эл аралык форуму өтүүдө. 20-апрелде башталган форум 23-апрелге чейин уланарын Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, форум аймактардан келген жаш изилдөөчүлөрдү, конструкторлорду жана ойлоп табуучуларды, ошондой эле Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан келген мектеп окуучулар менен студенттерди чогултту. Алар робототехника, автоматташтырылган технологиялар, маалыматтык системалар, энергияны сарамжалдоочу чечимдер, телекоммуникация, дубалга илинүүчү жана теориялык моделдер боюнча долбоорлорун сунушташты.
"Бул иш-чара өкмөт тарабынан да жогору бааланып, форумдун жеңүүчүлөрү менен байге ээлери республиканын предметтик олимпиадаларынын жеңүүчүлөрүнө теңдештирилген. Бул аларга Кыргызстандын жана Орусиянын техникалык жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде кабыл алынуу укугун берет", - деп жазылат расмий билдирүүдө.
Белгиленгендей, форум министрлик жана "Алтын түйүн" улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясы тарабынан 1998-жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.