Жалпы республикалык тестирлөө качан болору айтылды (видео)

Өлкө аймагында жалпы республикалык тестирлөө 15-майдан 22-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева "Биринчи радиого" маек берип жатып айтты.

Анын айтымында, бул жылы катталгандардын саны жылдагыга караганда өсүп, 54 миңге жакын адамды түзгөн.

"Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө каттоону эрте, 4-февралда баштадык. Себеби буга чейин 1-1,5 ай убакыт берген учурда дагы жетишпей калгандар болуп келген. Мындан улам катталууга толук эки ай убакыт бердик. Каттоо 4-апрелде аяктады. Бүгүнкү күндө 53 миң 879 адам катталды. Бирок алдыда дагы кошумча каттоо болот. Бул жылы болжол менен тестирлөө 15-майдан 22-майга чейин өткөрүлөт", - деди Батракеева.

Ошондой эле быйыл босого балл тестирлөө өткөндөн кийин белгилене турганын кошумчалады.

Жалпы республикалык тестирлөө качан башталары айтылды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан