Атчанды унаа менен кууп... Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектелип таяке-жээндер кармалды

Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 2 киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-апрелде саат 17:00 чамасында ат минип жүргөн 53 жаштагы жаран менен 55 жаштагы жарандын ортосунда чыр чыгып, атчан кетип калган. Бирок шектүү 35 жаштагы жээни менен бирге Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа менен атчанды кууп жетип, сүзүп өткөн. Натыйжада ортодо мушташ чыгып, 53 жаштагы жаран эки тууганды бычак менен сайган. Ошол учурда 55 жаштагы киши аны таш менен башка урган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, эки тууган кармалган. Аларга денелеринде жаракаттар болгондуктан медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан