Акыркы коңгуроонун датасы белгилүү болду

Быйыл өлкөдөгү мектептерде акыркы коңгуроо иш-чарасы 26-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 21-апрелде билдирди.
Мекеме билдиргендей, иш-чараны өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
"Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат. Ошондой эле билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү максатында чогулуштар өткөрүлөт", - деп жазылат анда.
Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды жана экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга да тыюу салынат.
Белгилей кетсек, былтыр окуу жылы 2-сентябрда башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан