Бишкектеги №67 мектептин 11 кабинети жеке менчикке берилип кеткен

Бишкекте №67 орто мектептин аймагындагы жалпы аянты 751,2 чарчы метрди түзгөн 11 кабинет жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, 10-апрелде Свердлов райондук прокуратура тарабынан менчик укугун жараксыз деп табуу тууралуу доо арыз сотко жиберилип, учурда иш каралып жатат.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Аталган иштин жагдайы Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынгандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан