Кыргызстан Өзбекстанга бодо малды аз экспорттоду

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстан Өзбекстанга 11,2 миң баш бодо малды экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу экспорт 34,5 пайызга азайган. Ошондой эле Кыргызстан Өзбекстанга гана бодо мал саткан. Экспорттун жалпы суммасы 44 пайызга аз болуп, көлөмү 2,4 миллион долларды түздү.

Айта кетсек, буга чейин өлкөдө эттин баасынын жогорулашын сатуучулар бодо малдардын кошуна өлкөлөргө сатылып жаткандыгы менен байланыштырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан