24-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт

Бишкектин айрым райондорунда 24-апрелде саат 09:00дөн 00:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Калаа мэриясы мындай чектөө Кара-Суу суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу киргизилгенин маалымдады.

Бул күнү төмөнкү даректерде суу берилбейт:

  • Ч.Айтматов проспектиси – Л.Толстой көчөсү (РКИБ инфекциялык ооруканасынын батыш тарабы) – Кулатов көчөсү, Эгембердиев көчөсүнүн түштүк тарабы, Кулатов көчөсү – Панфилов көчөсү – М.Горький – көчөсү Минина көчөсү – Пожарский көчөсү;
  • М.Горький көчөсү – Ч.Айтматов проспектиси;
  • Манас проспектиси – Ж.Бөкөнбаев көчөсү – Н.Исанов көчөсү – темир жол линиясы;
  • Ч. Айтматов проспектиси – Балагулов көчөсү – Юдахин көч – Алтымышев көчөсү – Матыев көчөсү – Л.Толстой көчөсү.

«Бишкексууканал» ишканасы калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан