Байгазы Кенжебаев биатлон федерациясынын президенти болуп дайындалды

Кыргызстандын биатлон федерациясынын президенти болуп Байгазы Кенжебаев дайындалды. Бул туурасында федерациянын кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Маалымдалгандай, буга чейин Бөкөнбай Казаков федерациянын президенти болуп эмгектенген.
"Байгазы Кенжебаев 2010-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, 2012-2013-жылы аталган агенттиктин директору болуп иштеген. Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү улуттук курама команданын улук машыктыруучу кызматын аркалаган. Жаңы жетекчи Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу жана меценат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан