"Ата-энесин тааныбай..." Депутат Кылычбаев армияда жоокер сабалганын айтты (видео)

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев армияда милдетин өтөп жаткан жоокер сабалганын айтты.

"Сузак районунан кайрылуу түштү. Былтыр 30-октябрда армияга чакырылып, 81497 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан баланын ата-энесин 4-5 күндөн кийин кайра чакырып, "балаңыз ооруп калды" дешиптир. Алар барса, бала ата-энесин тааныбай койгон учур катталган экен да. Бала армияга барарда медициналык текшерүүдөн ден соолугу жакшы деп өтүптүр. Бул иш боюнча биз да прокуратурага кайрылганбыз. Бирок "бала менен тергөө жүргүзүүгө мүмкүн эмес, ал өзүн-өзү жакшы билбей жатат" деп, аны психоневрологиялык диспансерге жөнөтүшүптүр.

Кийин ал баланы мен өзүм кабыл алдым. Адекваттуу эле бала экен. Анын айтымында, аскер бөлүктөгү прапорщик башына уруптур. "Өзүмдү жоготтум, ошондон башка нерсе билбейм" деп жатат. Бул ишти жакшы карасаңар. Ден соолугу жакшы кетип, кайра ал жактан инвалид болуп келгени... Апасынын көз жашын карасаңыз, чыдап тура албайсыз", - деди ал.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева факты боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнү убадалады.

21.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан