Бүгүн, 21-апрелде Манама шаарында президент Садыр Жапаров менен Бахрейн королу Хамад бин Иса Аль Халифанын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, азем королдун сарайында өттү. Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин эки мамлекеттин лидерлери саламдашышты.
Андан соң Кыргызстан жана Бахрейн королдугунун мамлекеттик гимндери аткарылды. Президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын урматына 21 замбирек залпы атылды.
Мындан кийин мамлекет башчылар Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.
Аземдин расмий бөлүгү аяктаган соң Садыр Жапаров менен Хамад бин Иса Аль Халифа делегация мүчөлөрүн тааныштырып, эки тараптуу жолугушуу үчүн сүйлөшүүлөр залына өтүштү.